• 87
  • 90.63
  • 0.79

KOICA Кыргызстанда соода-логистикалык борбор курат

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги менен KOICA айыл чарбасынын туруктуу өсүшү үчүн соода-логистикалык борбор куруу боюнча макулдашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, президент Садыр Жапаровдун Кореяга расмий сапарынын алкагында Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (KOICA) ортосунда “Кыргыз Республикасында түшүм жыйноодон кийинки башкаруу системасын түзүү аркылуу айыл чарба продукциясынын рынокко жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу долбоорун” ишке ашыруу боюнча протоколго кол коюлду.

Аталган долбоор Кыргызстандын айыл чарбасын колдоого багытталган жана айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү инфраструктурасын жакшыртууга жардам берет, бул азык-түлүк коопсуздугунун жана жеткиликтүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат.

Белгилей кетсек, долбоор 2024-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылып, жалпы баасы 6 млн долларды түзөт. Аны ишке ашыруу Кыргызстанда түшүм жыйноодон кийинки башкаруу системасын бир топ жакшыртат, дыйкандар жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Долбоордун алкагында айыл чарба продукциясынын ички жана эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Соода-логистикалык борборлорду (СЛБ) курууга жана модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат. Каржылоонун жалпы көлөмүнүн 70%дан ашыгы соода-логистикалык борбордун курулушуна жумшалат, бул натыйжалуу иштөөнү гана эмес, өлкөнүн айыл чарбасынын туруктуу өсүшү үчүн зарыл болгон инфраструктураны андан ары өнүктүрүүнү да камсыз кылат.

"Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы өлкөнүн фермерлери жана бүтүндөй айыл чарба тармагы үчүн көрүнүктүү натыйжаларды алып келет, ошондой эле Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоого салым кошот деп күтүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий