• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын сот органдары штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын сот органдары штаттык режимде иш алып барууда. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соттордо алдын алуу иштери күчөтүлүп, имараттарды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

"Коопсуздук максатында тараптарды сот мекемелерине медициналык беткаптар менен келүүгө чакырабыз. Сиз эреже жана тартипти сактоо менен Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылып кетпешине өзүңүздүн салымыңызды кошо аласыз", - деп айтылат Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, коопсуздук чаралары соттордун иштөө режимине эч кандай таасирин тийгизбейт. Анткени, мыйзамдарда арыздарды берүү, сот актыларына даттануу, бөгөт коюу чарасын аныктоо жана башка процесстик аракеттер үчүн ар кандай мөөнөттөр каралган.

"Ошону менен катар эскерте кетүүчү жагдай, эгерде коомдук транспорттордун чектелгендигине байланыштуу сот процесстерине келүүгө кыйынчылыктар жаралса, тараптар каршы пикирлерин жана жүйөлөрүн почта аркылуу жиберүүгө, же болбосо жогорку инстанцияларга жөнөтүү үчүн жашаган жери боюнча соттордун канцелярияларына кат түрүндө тапшырууга укуктуу. Ошону менен бирге, вирустун жугушун алдын алуу максатында сот залдарына иш боюнча тараптар - доогерлер, жоопкерлер, айыпталуучулар, жабырлануучулар жана алардын жактоочулары, өкүлдөрү, мамлекеттик айыптоочулар гана киргизилерин маалымдайбыз. Ушул себептен башка жарандарды ачык сот отурумдарына катышуудан кармануусун суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий