• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Айыл чарба министрлиги: Ысык-Көл, Чүйдө картошканын түшүмдүүлүгү жогору болууда

Экономика 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. 2024-жылга карата оруп-жыйноо иштеринин ыргагы өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Алсак, картошка 310 миң тонна казылып алынып, өткөн жылдан 22 миң тоннага көп. Орточо түшүмдүүлүгү 170 ц/га түзүп, өткөн жылга караганда 4,2 ц/га жогору болууда. Жогорку көрсөтүчтү Ысык-Көл, Чүй облустарында гектарынан 184 центнерден алышууда.

Ошондой эле жашылча-бахча өсүмдүктөрүн жыйноо ыргагы жакшы жүрүп, 538,5 жана 221,2 миң тонна жыйналып, былтыркыдан 21,8 миң тонна жогору болууда. Ал эми кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) – 398,8 миң гектары жыйналды, же 81,2 % түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 83,2 миң га көп. Анын ичинен:

- 200,1 миң га буудай, же 83,2 %, өткөн жылдан 46,1 миң га көп;
- 198,8 миң га арпа – 79,3 %, же өткөн жылдан 37,2 миң га көп.

Орточо түшүмдүүлүк буудайдан 29,2 ц/га, арпадан - 26,7 ц/га, алынып, өткөн жылдагыдан - 6,4-4,8 ц/га жогору болууда. Дүң жыйым бункердик салмак менен алганда 1 114 миң тонна (буудай, арпа) жыйналып, өткөн жылга салыштырмалуу – 439,0 миң тоннага көп топтолду, алсак:

- буудай -584,0 миң тонна топтолуп, же 240,3 миң тоннага көп;
- арпа – 530,0 миң тонна топтолуп, 198,7 миң тоннага көп болду.

Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын фермерлери жогорку агротехниканы колдонуу менен буудайдан орточо 31 ц/га алышууда. Учурда Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери аяктаган жерлерге экинчи түшүм үчүн жүгөрү силосун жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кылкандуу дан эгиндеринин жыйноого 810 дан жыйноочу комбайндар катышууда, бул өткөн жылдан 53 комбайнга көп.

Пикир

Оставить комментарий