• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчыда мөмө-жемиштерди сактоо боюнча ири логистикалык борбор ачылды

Экономика 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында “Оберон” ЖЧКнын мөмө-жемиштерди сактоо боюнча ири логистикалык борбору ачылды. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

РКӨФнын каржылоо суммасы “Айыл банк” аркылуу 50 млн сом жана “Кыргызстан” коммерциялык банкы аркылуу 916 миң долларды түздү. Аталган долбоордо жалпы инвестиция 4 млн 450 миң АКШ долларын түздү.

Кредитке алынган каражатка имараты курулуп, 2 400 тонна мөмө-жемиш бата турган жөнгө салынуучу газ чөйрөсү менен өндүрүш муздаткыч кампалар үчүн жабдыктар сатылып алынды. ULO (жөнгө салынуучу газ чөйрөсү) тутуму жемиштерди 270 күнгө чейин сапатын жоготпостон сактоого шарт түзөт. Аталган технология чет элдик өндүрүшчүлөрдүн продукциясын импорттоонун ордун ата мекендик продукциялар менен алмаштырууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда тоңдурулган жемиш продукциялары жана тоңдурулган мөмөлөрдү өндүрүү линиясы түзүлгөн. Ошондой эле, аталган продукцияларды КРнын бардык шаарларына жеткирүү боюнча чайкоочулук тармак жөнгө салынган. Жакын арада Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө (Россия жана Казакстан) дагы экспорттоло баштайт.

Мөмө-жемиш сактоо жайын куруу стратегиялык чечим болгон, анткени Ысык-Көл облусунда даамы, сапаты жана экологиялык жактан мыкты алма, алмуруттар өстүрүлөт. Өндүрүш муздаткыч кампаларды алып келүү жана монтаждоо боюнча келишим + Wirth GmbH россия-герман компаниясы менен түзүлүп, Германиядан алынып келинди. Бардык жабдыктар Европанын стандарттарына ылайык келет.

18 айда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 213 млн АКШ долларына 682 долбоорду каржылады.

Пикир

Оставить комментарий