• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Салык кызматына 2020-жылы жарандардан 127 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн

Экономика 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматына 2020-жылы жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 127 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Анын ичинен жазуу жүзүндө – 42 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 58, “ишеним телефонуна” жана “шыр байланыш” номерине – 27. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 26 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 81 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 20 – ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 48 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 26 – тастыкталды, 6 – жарым-жартылай тастыкталды. Дагы 1 кайрылуу – кароо стадиясында турат.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 51 кызматкер жазаланды, анын ичинен 5 кызматкер кызматтан бошотулду, 16нө катуу сөгүш, 7нө – сөгүш, 10 – эскертүү, 1 – ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды жана 3 кызматкер ротацияландыгы. Мындан тышкары, кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 4 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 26 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 4 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза-чаралары колдонулду.

Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 112 жаран болду, алардын ичинен 44 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 52 адам, кадрдык маселелер боюнча – 16 жаран болду.

Салык кызматы жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында (0312)61-31-89 номери боюнча "ишеним телефону", (0779)61-31-89 “шыр байланыш” номери, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги, коомдук кабылдама иштей тургандыгын билдирет. Ошондой эле, коомдук кабылдама да иштеп жатат, ал жарандарга кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрылууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, Салык кызматы келип түшкөн ар бир даттануулар жана кайрылуулар боюнча Кыргыз Рсепубликасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн кызматтык иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана контролдук сатып алуу жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий