• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Айыл чарбасын каржылоо - 10": Жалпы 4 млрд 638 млн сомго насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. 4-ноябрга карата "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоору боюнча жалпы бардыгы болуп 3 категория боюнча 4 млрд 638 млн 746 миң сомго 8 миң 224 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 1 млрд 191 млн 917 миң сомго 2 миң 913 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 557772,0 миң сомго 1168 насыя;

– “РСК Банк” ААК 508420,0 миң сомго 1297 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 75000,0 миң сомго 206 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 16665,0 миң сомго 85 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 34060,0 миң сомго 157 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 428 млн 653 миң сомго 4 миң 981 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 1140000,0 миң сомго 1976 насыя;

– “РСК Банк” ААК 1027820,0 миң сомго 2263 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 150000,0 миң сомго 297 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 15300,0 миң сомго 6 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 35450,0 миң сомго 195 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 60083,0 миң сомго 244 насыя.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 1 млрд 18 млн 176 миң сомго 330 насыя берилди анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 519111,0 миң сомго 171 насыя;

– “РСК Банк” ААК 372420,0 миң сомго 119 насыя;

– “КИКБ” ЖАК 66600,0 миң сомго 18 насыя;

– “Кыргызкоммерцбанк” ААК 6000,0 миң сомго 1 насыя;

– “Капитал Банк” ААК 13500,0 миң сомго 9 насыя;

– “КБ Кыргызстан” ААК 40545,0 миң сомго 12 насыя.

Пикир

Оставить комментарий