• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Социалдык чыңалууну азайтуу үчүн байытылбаган унду ташып келүүгө уруксат берүү пландалууда — министрлик

Экономика 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, сунуш кылынган мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун негизи жана зарылчылыгы 2020-2021-жылдары Кыргызстандын аймагында COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышы жана өлкөнүн калкын социалдык мааниге ээ тамак-аш продуктылары, атап айтканда, азык-түлүк буудайы жана буудай уну менен камсыздоодо кыйынчылыктарга дуушар болгон.

Үстүбүздөгү жылы негизинен ун, нан жана нан азыктары, күрүч, кант, өсүмдүк майы, эт жана эт азыктары кымбаттады.

Азык-түлүккө дүйнөлүк баанын өсүшү өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө гана таасирин тийгизбестен, республикада инфляциянын олуттуу өсүшүнө алып келди. Азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү биринчи кезекте калктын социалдык жактан аялуу катмарына таасирин тийгизет, алар мындай шарттарда коркунучтарга жана тобокелдиктерге өз алдынча туруштук бере алышпайт.

2009-жылдын 11-мартындагы № 78 “Нан унун байытуу жөнүндө” КР мыйзамына бул өзгөртүүлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында гана киргизилген.

Айыл чарба министрлигинин максаты – Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, демек, министрлик социалдык чыңалууну, калкты социалдык маанилүү азык-түлүк продуктулары менен, атап айтканда, азык-түлүк буудай жана буудай уну менен камсыз кылуудагы курч кырдаалды болтурбоого кызыкдар.

Депутат Арсланбек Малиевдин айткандарына токтолсок: «Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен импорттоочулар үчүн теңсиз шарттарга алып келет. Бул дагы эле коррупциялык тобокелдиктерге алып келет».

Айыл чарба министрлиги депутаттын билдирүүсүнө мындайча жооп кайтарды, киргизилип жаткан бул нормада төмөндөгүдөй жазылган: «Өзгөчө кырдаалда Кыргызстандын аймагына жогорку жана биринчи сорттогу байытылбаган унду ташып келүүгө (импорттоого) уруксат берилет. Министрлер кабинетинин өзүнчө чечими менен белгилүү бир өлчөмдө» деп белгиленет, бул бүтүндөй өлкөдө кыйла оор кырдаалды жаратпоо үчүн социалдык чыңалууну турукташтыруу жана басаңдатуу максатында зарыл болгон өлчөмдө гана ташылып келет(импорттолот) дегенди билдирет.

Пикир

Оставить комментарий