"Айыл чарбасын каржылоо - 12". Дыйкан-фермерлерге дээрлик 2 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. "Айыл чарбасын каржылоо -12" долбоору боюнча 2024-жылдын 11-майына карата дыйкан жана фермерлерге жалпы 4 миң 890 насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайым министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун көлөмү 1 млрд 974 млн 108 миң сомду түздү.

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 193 млн 317 миң сомго 613 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК, 94 млн 512 миң сомго 306 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 98 млн 805 миң сомго 307 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1млрд 780 млн 791 миң сомго 4 миң 277 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК, 960 млн 696 миң сомго 2 миң 322 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 820 млн 95 миң сомго 1 миң 955 насыя.

Ведомстводон белги лешкендей, жалпы 2 категория боюнча 1 млрд 974 млн 108 миң сомго 4 890 насыя берилди.

– “Айыл Банк” ААК , 1 млрд 55 млн 209 миң сомго 2 миң 628 насыя;

– “РСК Банк” ААК, 918 млн 900 миң сомго 2 миң 262 насыя.

Пикир

Оставить комментарий