• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

"Айыл чарбасын каржылоо – 12". Дыйкан-фермерлерге 3,2 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын 4-июлуна карата "Айыл чарбасын каржылоо – 12" долбоордун алкагында республиканын 8 миң 279 айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, насыянын көлөмү 3 млрд 277 млн 92 мин сомду түздү. Анын ичинен:

  • "Мал чарбачылык" тармагы боюнча 7 миң 159 субъектке 2 млрд 917 млн 27 миң сом;
  • "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча 1 миң 120 субъектке 360 млн 65 миң сом.

Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.

2024 – жылдын 4-июлуна карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:

Пикир

Оставить комментарий