• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

"Айыл чарбасын каржылоо-12": Дыйкан-фермерлерге 4,4 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында 4 446,11 млн сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү ошону менен катар мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сомду түзүүдө. Декабрь айынын башына карата бул долбоордун алкагында республиканын 11 152 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 4 446,11 млн. сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди.

- «Мал чарбачылык» тармагында 3972,27 млн.сом 9726 субъектке жеңилдетилген кредит катары берилди.

- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 473,84 млн. сом 1 426 субъектке берилди.

Аталган долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы

Республика боюнча бардыгы

11 152

4 446,11

1

Чүй облусу

2 054

805,88

2

Ысык-Көл облусу

1 697

609,82

3

Талас облусу

1 208

463,33

4

Нарын облусу

1 292

530,43

5

Жалал-Абад облусу

2 290

964,01

6

Ош облусу

1 896

777,94

7

Баткен облусу

715

294,70

Белгилей кетсек, айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы тескемесине ылайык “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий