• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Ак илбирстин логотибин иштеп чыгуу боюнча сынак жараксыз деп табылды

Коом 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу болгон ак илбирстин логотибинин эң мыкты дизайнын тандоого жооптуу сынак комиссиясы сынакты жараксыз деп табуу чечимин кабыл алды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, сынакты өткөрүү жөнүндө жобонун 12-пунктунда уюштуруучулар зарыл болгон учурда сынакты каалаган этапта жокко чыгаруу, же өзгөртүү укугуна ээ экени айтылган.

Сынак комиссиясынын мүчөлөрү сынакка келген бардык иштерди кылдат карап чыгып, долбоорлордун бири да өлкөнүн мамлекеттик символуна коюлган жогорку талаптарга толук жооп бербейт деген жыйынтыкка келишкен.

"Бирок, берилген концепциялардын бири да Кыргызстандын улуттук байлыгы катары ак илбирстин образынын тереңдигин, символикалуулугун жана ар тараптуулугун чагылдыра алган жок. Бизге Кыргызстандан да, чет өлкөлөрдөн да таланттуу дизайнерлерден 200дөн ашык чыгармачыл жана кызыктуу иштерди алдык, - деп белгиледи сынактык комиссиянын төрагасы – жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары К.Касейинов.

Министрлик бардык катышуучуларга кызыгуусу жана чыгармачылык мамилеси үчүн ыраазычылык билдирет. Сынак өз максатына жетпесе да, сунушталган эмгектер улуттук дизайнды өнүктүрүүгө баалуу салым болуп, ак илбирсти сактоо боюнча маанилүү маселеге коомчулуктун көңүлүн бурат.

Сынактык комиссия бардык күтүүлөргө жана талаптарга жооп бере турган логотип түзүү боюнча кийинки кадамдарды аныктоо үчүн дизайн жана экология тармагындагы эксперттер менен кошумча консультацияларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий