Ак-Өргө конушунда спорт залдын курулушу 95% аяктады

Коом 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Бишкектин Ак-Өргө конушундагы спорт залдын курулуш (капиталдык оңдоп-түзөө) иштери 95% аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, залдын аянты 216 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө имараттын чатырын орнотуу жана шыптарды жылуулоо, ички дубалдарын оңдоо, от казан, ванна жана душ орнотуу, канализацияны тартуу, имараттын фасадын бүтүрүү иштери аяктады.

Мындан тышкары жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Эске сала кетсек, бул имарат мурда кароосуз калган откана болгон. Калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаштарды спортко тартуу максатында спорт залды капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий