• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министрлер кабинети MEGA`нын акцияларын 14,6 млрд сомго сатыкка койду

Коом 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. "Альфа-Телеком" (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ЖАКтын акциялары аукционго коюлду.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) кабарлагандай, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду.

"Альфа-Телеком" ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы - 14 миллиард 600 миллион сом.

Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт.

Арыздар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт.

Арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.

Электрондук аукцион 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий