• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ак-Сууда мечиттерден акча уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Ак-Суу районунда мечиттердин садака кутучаларынан акча уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милицясынан билдиришти.

Милицияга Ак-Суу районунун Жолголот жана Теплоключенка айылдарындагы төрт мечиттин садака кутучалары белгисиз адамдар тарабынан талкаланып, ичиндеги акчалардын уурдалышы боюнча фактылар катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон.

Аталган фактылардын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну В.А. кармалган. Алдын ала суракта шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Ак-Суу райондук сотунун чечими менен шектүү камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий