• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ак-Талаа районунда жергиликтүү жаштар мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү

Аймак 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жергиликтүү жаштар айылдагы мечитти оңдоп-түзөшүүдө. Бул тууралуу Кош-Дөбө айылынын имамы Жаманак Карабаев билдирди.

Анын айтымында, мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө айыл жаштар тарабынан акча каражаты чогултулуп, ага откана, даараткана жана жуунуучу жай менен кошо жылуулук системасын коюшууда.

«Айылдагы мечитти оңдоп-түзөө иштерин жергиликтүү жаштар өз демилгелерине алып жасашууда. Алсак, 1996-жылкы балдар акча каражатын чогултуп, мечитин ичине 70 метр килем алып беришти. Кудайым буюрса мечитибиз толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн соң гана пайдаланууга берилмекчи»,- деди айыл имамы.

Пикир

Оставить комментарий