• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ак-Талаада авариялык абалдагы мектептин ордуна жаңысы курулууда

Аймак 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы 275 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, билим берүү уясынун курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2015-жылы башталган.

Мектептин эски имараты 1958-жылы ашар жолу менен салынып, ал эми 1982-жылы экинчи корпусу салынган. Бул жылдар аралыгында имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн, авариялык абалга келип калган.

Бүгүнкү күндө жаңы курулуп жаткан корпустун экинчи кабатынын дубалы тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий