• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

АКШ: түркмөн-ооган чек арасында кырдаал канааттандыраарлык

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Элис Уэллс (Alice Wells) түркмөн-ооган чек арасында коопсуздук канааттандыраарлык деп эсептейт. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматына интервью берген учурда айтты:

– Түркмөн-ооган чек арасында кырдаал туруксуздашып кетет деп ойлобойм. Кыйынчылыктар дайыма болгон жана биз көп жылдар бою Ооганстан менен чектешкен борбор азиялык өлкөлөр менен коопсуздук үчүн көзөмөлдү жакшыртуу тармактарында кызматташып келгенбиз. Ушундай эле иштерди биз Ооганстандын ичинде да жүргүзгөнбүз. Борбор азиялык чек арачыларды окутууга, чек ара постторун тургузууга жардам бергенбиз. Тажиктерге, өзбектерге жана түркмөндөргө чек араларын кайтарууну күчөтүүгө көмөктөшкөнбүз.

Эл аралык уюмдар Түркмөнстанда мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун камсыздоого арналган иш-чараларды ырааттуу жүргүзүп турушат.

Жакында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башчысы Валерий Семериков Ооганстандын Түркмөнстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарында кубаттуу экстермисттик топ түзүү коркунучу жаралганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий