• 88.68
  • 95
  • 0.95

Муфтият Кыргызстандагы имамдар үчүн колдонмо китептерди иштеп чыгат

Коом 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Кыргызстандагы жалпы имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Китеп Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары боюнча иштелип чыгып, айыл аймактагы имамдарга колдонмо курал катары берилмекчи.

Китептерди мусулмандарынын дин башкармалыгынын тиешелүү бөлүмдөрү даярдап чыгып, андагы берилүүчү маалыматтар имамдар үчүн маанилүү жана пайдалуу болмокчу.

Иштелип чыгуучу колдонмо китептер жеңилдетилип жазылып, аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий