• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ысык-Көлдө 371 млн сомдук жер "Акун" пансионатына мыйзамсыз берилип кеткен

Коом 0

Бишкек, 24.12.22. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатына мыйзамсыз берилип кеткен 371 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул туралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий