• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Акыйкатчы адам сатуунун курмандыгына кабылгандардын коопсуздугун күчөтүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды адам сатуунун курмандыгына кабылгандардын коопсуздугун күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, жаңы жагдайларды жана тенденцияларды эске алуу менен адамдарды сатуунун алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү зарыл.

"Зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын тыгыз иш алып баруусу өтө маанилүү. Алсак, сот адилеттигине жетүү, адилет соттук териштирүүнү жүргүзүү", - деди ал.

Акыйкатчы көпчүлүк учурларда, адам сатуунун курмандыгына калктын аярлуу катмары кабылып жатканын эске салды. Калктын аярлуу катмарынын укуктарын камсыз кылуу бүгүнкү күндө эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

"Өзгөчө коркунучта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мигранттардын балдары, жетим балдар, жарым жетимдер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана кары-картаңдар. Алар ошондой эле кулчулукка, сексуалдык эксплуатацияга, мажбурлап иштөөгө жана башка оор турмуштук кырдаалдарга туш болушу мүмкүн. Укук коргоо органдары тарабынан мындай жүрөктү ооруткан фактыларга бөгөт коюлушу керек.

Ал эми аялдар жана балдар кошумча же болбосо өзгөчө коргоого муктаж", - деп белгиледи акыйкатчы.

Пикир

Оставить комментарий