• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмокто “5 каналдын” чыгармачыл тобу кармалганын милиция тастыктады

Коом 0

Бишкек, 16.11.17. /Кабар/. “5 каналдын” чыгармачыл тобунун кармалган фактысын Чүй облусунун ИИББнен тастыкташты. Эмне үчүн кармап кетишкендерин айтышкан жок, кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин белгилешти.

Каналдын кызматкерлеринин бири Дмитрий Ложников өзүнүн фейсбуктагы баракчасында чыгармачыл топ кармалып, аларды Токмок шаарынын ИИБна алып бара жаткандыктарын жазды.

Ошондой эле ал алардын кызматкерлерин кармап кетүү үчүн Токмок жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчилиги милиция чакырган. Анын айтымына караганда, журналисттер ал жакка күн мурун өтө оор абалда түшкөн эки жаш бала тууралуу тартуу үчүн барышкан. Бирок, имараттын ичине кирүүгө мүмкүн болгон эмес. Башкы дарыгердин орун басары жада калса оорукананын сыртын да тартууга уруксат берген эмес. “Бизге пиар керек эмес” деген сөздөр менен ал камерага зыян келтирип, милицияны чакырган.

Милиция окуя болгон жерге келген, ал эми башкы дарыгердин орун басары жактоочусун да чакырткан.

Пикир

Оставить комментарий