• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Акыйкатчы институту ТИМ менен биргеликте эстониялык жаранга көмөк көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өздүгүн тактаган документин жоготуп жиберип, оор кырдаалдарга туш болгон жарандарга тиешелүү мамлекеттик органдарды зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, 50 жаштагы Г.Ю.В. аттуу эстониялык жаран 32 жылдан бери Кыргызстанда документи жок жүргөнүн айтып кайрылган. Ал өлкөгө 1992-жылы СССРдин паспорту менен келип, бир канча убактан кийин документтерин жоготуп жиберген.

Паспорттун калыбына келтирүү үчүн Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдарына электрондук кат аркылуу кайрылган. Ошондой эле Кыргызстанда аталган өлкөнүн элчилиги жок болгондуктан Эстониянын Казакстандагы элчилигине да кайрылган. Бирок жооп ала алган эмес.

Учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Суу айылында жашап жаткан эстониялык жаран акыйкатчыга кайрылып, кыргыз жарандыгын алып берүүгө көмөк сураган.

Буга байланыштуу Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдарына кайрылуу жолдоп, Г.Ю.В менен видео байланыш уюштурушкан.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдары айтылган маселе боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакынкы күндөрү туулгандыгы тууралуу күбөлүгү берилерине үмүт артылууда.

“Канча жылдык өмүрүн документи жок өткөрүүнүн өзү эле абдан кейиштүү. Мындай аярлуу тагдырга туш болгон жарандын тагдыры бардык мамлекеттик органдарды кайдыгер калтырбашы керек ”, - деди акыйкатчы.

Пикир

Оставить комментарий