• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Акыйкатчы КР жарандарынын Индиядан мекенине кайтып келүүсү боюнча өкмөткө кайрылды

Коом 0

Бишкек, 09.07.21 /Кабар/. Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарынын Индиядан мекенине кайтып келүүсү боюнча өкмөткө кайрылды.

Омбудсмен аппаратынан кабарлашкандай, акыйкатчы Токон Мамытов КР өкмөтүнө кайрылып, Дели–Ташкент каттамынын токтотулушунан Дели шаарынан үйүнө учуп кете албай калган 50гө жакын мекендештерибизди кайтарып алуу боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалыматты берүү өтүнүчү менен кайрылды.

"Ошондой эле Индиядан мекендештерибиз кайтып келгенден кийин алардын жана учуп келген бардык жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылууну да суранды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий