• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акыйкатчы Кыргызстандагы зомбулукка кабылган аялдарды өз укуктарын коргоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Зомбулукка кабылган аялдар көйгөйлөрүн ачык айтып, өз укуктарын коргоого бар күчүн жумшаш керек. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкекте өткөн италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин зомбулукка кабылган аялдарга арналган көргөзмөсүндө билдирди.

Акыйкатчынын айтымында, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан кризисттик борборлорго кайрылган аялдардын саны өсүп жатат.

“Жыл сайын аялдарга болгон зомбулук күч алып жатат. Алсак, ИИМдин маалыматы боюнча былтыркы жылы 13 миң 104 аял зомбулукка кабылса, 2022-жылы болсо 8225 учур катталган. Бул сандар мындан да көп болушу толук ыктымал. Анткени бизде “эл эмне дейт” деген стереотип бар да. Калыптанып калган көрүнүштү жок кылып, зомбулукту жашырбаш керек. Ал эми бардык тиешелүү мамлекеттик органдар аялдардын укуктары жаатындагы мыйзамдардын иштешин тыкыр көзөмөлдөш керек”, - деди ал.

Ошондой эле Жаманбаева Акыйкатчы институту тарабынан зомбулукка кабылган аялдарга кечиктирилгис укуктук, психологиялык жана юридикалык жактан жардам көрсөтүү үчүн 115 шыр байланышын түзгөндүгүн айтты.

“Зомбулукка кабылган аялдарга акысыз жардам көрсөтүү максатында Акыйкатчы институту Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор менен меморандум түзгөн. Анда жардам сурап кайрылгандарга юридикалык акысыз жардамдар көрсөтүлөт”, - деп белгиледи акыйкатчы.

Пикир

Оставить комментарий