• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Акыйкатчы Нарындагы тергөө абагына барды

Аймак 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарындагы тергөө абагына барды.

Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, анда Жамиля Жаманбаева ар бир камерага кирип, кармалып тургандар менен баарлашты. Алардын бирөө айып пулду төлөй албай калгандыктан абакта отурганын айтып, укугун коргоп берүүсүн өтүндү. Акыйкатчы анын иши боюнча соттун чечимин карап чыгууну талап кылды.

Мындан сырткары, Жаманбаева аялдар отурган камерага да кирип, алардын абалы менен таанышты. Аялдар андан укуктарын коргоп берүүнү суранышты.

Ошондой эле акыйкатчы тергөө абагындагы жашы жете элек өспүрүм менен сүйлөштү. Ал абактын кармоо шарттарына жана укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирген жок. Тергөө абагынын кызматкерлеринин айтымында, өспүрүм буга чейин соттолбогон жаран менен бир камерада кармалып турат.

“Өспүрүмдү камерада жалгыз кармоого болбойт. Ошого байланыштуу, ал мурда соттолбогон жаран менен бирге бир камерага жайгаштырылды”, - деди тергөө абагынын кызматкери.

Ошону менен катары эле акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылган жаран менен да маектешти. Өткөн жылы акыйкатчы тергөө абагына келгенде жогоруда айтылган соттолуучу паспорту жоктугун жана тиешелүү дары-дармектердин жетишсиздигин айтып арызданган болчу.

Мындан сырткары, кармалып тургандардын арасында кытай жараны да бар экени маалым болду. Котормочунун жоктугуна байланыштуу аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Акыйкатчы анын ишин карап чыгууга жана ага зарыл болгон юридикалык кеңеш берүү үчүн соттун чечимин талап кылды.

Жамиля Жаманбаева абактын коомдук тамактануу жайынын шарттары, ошондой эле күзөт имаратынын жалпы абалын көрдү.

Акыйкатчы институтунан белгилешкендей, учурда абакта 26 айыпталуучу жана соттолуучу бар, алардын экөө аял жана бирөө өспүрүм. Тергөө абагы 40 адамга ылайыкташтырылган.

Пикир

Оставить комментарий