• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Оштогу тергөө абагына барды – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Оштогу тергөө абагына барды.

Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, Жамиля Жаманбаева тергөө абагындагы бир нече камерага кирип, кармалгандар менен баарлашты. Абактагы шарттарга арыздангандар болгон жок.

Тергөө абагында олтурган аялдардын бири акыйкатчыдан укуктарын коргоп берүүнү өтүндү. Ал өзүнө карата кылмыш куугунтугу жүрүп жатканын айтып, укук коргоо органдарынын биринде иштеген кызматкердин тууганынын көрсөтмөсүнө таянып гана иш козголгонун кошумчалады.

“Соттук экспертизанын жыйынтыгы менин пайдама чыкты. Бирок ага карабай кылмыш ишин жаппай жатышат”, - деди аял.

Кийинки камерада олтурган улгайган аял акыйкатчыга саламаттыгы начарлап, укуктары бузулуп жатканына даттанды.

Тергөө абагында бир жашар баласы менен олтурган аял бир ай мурда кармалганын айтты.
Абактын кызматкерлеринин айтымында, аял пробациялык көзөмөлгө келип турбагандыктан, камакка алуу чечими кабыл алынган.
Акыйкатчы тергөө абагынын жетекчилигине аялдардын жана балдардын укуктарын сактоо зарылдыгын эскертти.

Абактын кызматкерлери бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп, эне менен бала сейилдөөгө чыгып турарын кошумчалашты.

Жаманбаева өспүрүмдөр олтурган камеранын шарттары менен дагы таанышты. Жашы жете электер кармоо шарттарына жана укук коргоо органдарынын аракеттерине арызданышкан жок.

Акыйкатчы өмүр бою эркинен ажыратылган жарандар олтурган камералардын шарттарын да көрдү

Мындан тышкары, ал тамактануучу жай жана имараттын жалпы абалын карап чыкты.

Тергөө абагынын бир имараты талапка жооп бербейт, ал 1886-жылы курулган. Акыйкатчы мамлекеттик органдарды Ош шаарында жаңы тергөө абагынын курулушун тездетүүгө көңүлүн бурду.

Белгиленгендей, учурда тергөө изоляторунда 281 айыпталуучу жана соттолгон жаран бар. Анын 26сы - аял жана жашы жете электер. Андан тышкары, абакта 4 жаран өмүр бою соттолгон. Абак жалпысынан 500 кишиге ылайыкталган.

Пикир

Оставить комментарий