• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү атасы тарабынан сабалган кыздын үй-бүлөсүнөн кабар алды

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү атасы тарабынан сабалган 5 жашар кыздын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, учурда кыздын апасы эки кызы менен Майлуу-Суу шаарында ата-энесинин үйүндө жашап жатат. Уулу чоң энеси менен Бүргөндү айылында.

Соцтармактарда өз атасы 5 жашар кызын сабап жаткандагы видео тарагандан кийин энеге жана анын балдарына соттук-медициналык, соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

“Бул окуя 14-ноябрда болгон. Соцтармактарга 3-декабрда таркап кетиптир. Жолдошум мас болуп келип, тынчтык бербей жатканынан эки баламды калтырып, үйдөн кетип калгам. Анан эле 5 жашар кызымды чыбык менен чаап, видеого тартып, мага жибериптир”, - деп айткан кыздын апасы.

Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева бул окуядан кийин тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырып, зомбулукту болтурбоонун алдын алуу керектигин билдирди.

“Балдарга карата зомбулуктун алдын алып, тиешелүү мамлекеттик органдар биргеликте иш алып барып, мындай кейиштүү окуялар кайталанбашы керек”, - деди ал.

ИИМдин маалыматына ылайык, кызын сабап, видеого тартып алган 41 жаштагы жаран аныкталып, 5-декабрда эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

"Акыйкатчы тергөө органдарын айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоодо жана кылмыш ишин сотко жөнөтүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин нормаларын унутпоого чакырат, ага ылайык, кылмыштын балдарга карата жасалышы оорлоштурулган болуп саналат", - деп айтылат Акыйкатчы институтунун маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий