Акылбек Сариев БШКнын мүчөсү болуп шайланды

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Сариевдин талапкерлигине 64 депутат макул, 36 депутат каршы добуш берди.

Эскерте кетсек, Сариев БШКнын мүчөлүгүнөн кеткен Атыр Абдрахматованын ордуна шайланып келди. Буга чейин ал 2002-2008-жылдары БШКнын мүчөсү, 2010-2011-жылдары БШКнын төрагасы болгон.

Пикир

Оставить комментарий