Парламенттик шайлоо учурундагы мыйзам бузуу фактылары боюнча 5 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү - Зулушев

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учурундагы мыйзам бузуу фактылары боюнча 5 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166 акт, анын ичинен 104 жорук катталган.

"Шайлоо учурунда №2 форма (шайлоо дарегин алмаштыруу) боюнча бир катар бузуу фактылары болгон. Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иш уланууда. Алардын ичинен 5 факты сотко жөнөтүлгөн", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий