• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берип, кызматка киришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Министрлер кабинетинин жаңы курамы Жогорку Кеңештин трибунасынан ант беришип, кызматка киришти. Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров катышты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар министрлер кабинетинин жаңы курамын жана түзүмүн жактырган.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы төмөнкүчө:

- Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;
- Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;
- Финансы министри — Алмаз Бакетаев;
- Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри — Руслан Казакбаев;
- Юстиция министри — Аяз Баетов;
- Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;
- Энергетика министри — Доскул Мырзаев;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;
- Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;
- Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
- Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;
- Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
- Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;
- Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев.

Пикир

Оставить комментарий