• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Жогорку Кеңештин комитетинде референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Турусбековдун айтымында, 2020-жылдын 17-ноябрында ЖКнын 80 депутаты тарабынан Конституциянын жаңы долбоору жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлган.

"2020-жылдын 20-ноябрында Конституциялык кеңешме түзүлүп, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Конституциялык кеңешме ишин бүтүрүп, жаңы Баш мыйзамды демилгелеген депутаттардын кароосуна киргизди", - дейт ал.

Турусбеков референдумду өткөрүү күнүн 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү менен бириктирүүнү депутаттардан колдоп коюуну суранды.

Пикир

Оставить комментарий