• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Акылбек Жапаров Чүйдөгү кафель жана цемент чыгарган ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы кафель чыгарган “Асыл таш плюс” жана цемент чыгарган “Терек таш” ишканаларына барды.

Анда минкаб төрагасы бул ишканалардын технологиялык өндүрүш процесси, продукциянын сапаты жана өнүгүү перспективалары менен таанышты. Ал жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана калкты ата мекенде өндүрүлгөн сапаттуу продукция менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Мамлекет ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого чоң көңүл бурат. Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында республиканын бардык аймактарында 100 өнөр жай ишканасын ачуу пландалууда. Алардын ийгиликтүү иштеши жана заманбап технологияларды ишке киргизүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулабыз. Өнөр жайды өнүктүрүү туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат”, – деди Акылбек Жапаров.

Жумуш сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы ишканалардын жетекчилери менен да жолугуп, алар менен тармакты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий