• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абаддагы объекттердин курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 25.12.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы көп батирлүү турак жай комплексинин курулуш иштери менен таанышты.

Болжолдуу наркы 1 млрд 704 млн сомду түзгөн бул турак жай комплекси курулуп бүткөн соң муниципалдык жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлерге жана башка жарандарга мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилет.

Учурда 500 млн сом бөлүнүп, курулушту президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы “Кыргызстройсервис” компаниясы жүргүзүүдө. Батирлердин саны – 639 батир, анын ичинде, 1-бөлмөлүү - 288 батир; 2-бөлмөлүү – 306 атир; 3-бөлмөлүү – 45 батир.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Курук-Сай участкасындагы мунайды кайра иштетүүчү ишкананын курулушу менен таанышты. Жалпы сметалык баасы 375 млн сом болгон ишкананы курууга Кытайлык инвесторлор учурда 210 млн сом жумшалганын билдиришти.

Акылбек Жапаров келе жаткан жылы 30 миң тонна битум сатып алуу пландалып жатканын айтып, ишкана жетекчилиги биринчи кезекте чыгарылган продукциянын сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий