• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Өзбекстандын транспорт министри менен кызматташтыктын келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 25.12.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстантын транспорт министри Илхом Махкамовду кабыл алды.

Эки тараптуу жолугушууда “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Акыркы учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөнүн белгилеген министрлер кабинетинин өрагасы Акылбек Жапаров, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору – эки мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизе турган эң ири транспорттук-инфраструктуралык долбоор экенин билдирди.

Өз кезегинде Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов, кыргыз тараптын билдирүүсүнө бир тилектеште жана бул долбоорду даярдоо процессине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча тараптардын биргелешкен каржылоосу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында жактырылган. Учурда тараптар темир жолдун курулушун каржылоо моделинин оптималдуу варианттарын талкуулоодо.

Пикир

Оставить комментарий