• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Акылбек Жапаров экономика министринин төрт орун басарын кызматынан бошотту

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басарлары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Канатбек Абдрахманов, Кубанычбек Закенаев (санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары), Чыңгыз Макешов жана Назарбек Малаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий