• 87.86
  • 93.94
  • 1

Акылбек Жапаров: «ЕБ – БА» форуму заманбап чакырыктарга каршы аракеттерди бириктирүү боюнча туруктуу платформа болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Европа биримдиги – Борбор Азия» Биринчи экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө министрлер кабинетинин төрагасынын текстин келтиребиз:

«Урматтуу Садыр Нургожоевич,

Урматтуу өкмөттөрдүн жана делегациялардын башчылары!

Урматтуу Европа комиссиясынын Вице-президенти, мырза Валдис Домбровскис!

Кымбаттуу Форумдун катышуучулары!

Айымдар жана мырзалар!

Бүгүн мен үчүн меймандос кыргыз жеринде өтүп жаткан «Европа биримдиги – Борбор Азия» Биринчи экономикалык форумунда сиздер менен жолугушуу абдан кубанычтуу.

Ириде биздин өнөктөштөргө, Европа биримдигин көрсөтүп жаткан Европа комиссиясынын Вице-президенти, мырза Валдис Домбровскиске аталган Форумду уюштуруу боюнча маанилүү демилгени жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирип кетем.

Ошондой эле

– Казакстан Республикасынын Премьер-министри, урматтуу Аскар Узакпаевич Маминге,

– Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри, урматтуу Абдулла Нигматович Ариповго,

– Түркмөнстан жана Тажикстандын урматтуу делегация башчыларына аталган иш-чаргаа катышуусу үчүн ыраазычылык сөзүмдү билдиргим келет.

Урматтуу кесиптештер!

Биз өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында из салынган Европа биримдиги менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташуунун чоң тажрыйбасына ээ болуу аркылуу бул Форумду өткөрүүгө киришип жатабыз.

Убакыт сынагынан өткөн бул жемиштүү кызматташтык жыл өткөн сайын кеңейип, жаңы багыттарды, амбициялуу максаттарды өзүнө камтууда.

Биз алдыга жыла турган негизги багыттар 2019-жылы кабыл алынган Борбордук Азия боюнча Европа биримдигинин жаңы стратегиясында так чагылдырылганын белгилегим келет.

Бул документте социалдык-экономикалык өнүгүүнү, жагымдуу бизнес-климатты жана региондор аралык сооданы жана инвестицияларды тартууну колдоонун негизинде ЕБ менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда толук өнөктөштүктү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Ал эми бүгүн Сиздер менен Биринчи Экономикалык Форумдун ишин баштоо менен Европа биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы экономикалык кооперациянын сапаттык жаңы деңгээлине чыгып жатабыз.

Форумдун климаттын өзгөрүшү, жумушсуздук, жакырчылык, ичүүчү таза суунун жетишсиздиги, социалдык теңсиздиктин күчөшү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасына жеткиликсиздик жана коронавирустук пандемияга каршы күрөш сыяктуу дүйнөлүк глобалдык чакырыктардын фонунда өтүп жаткандыгы ага актуалдуу түс берет.

Урматтуу Форум катышуучулары!

Заманбап Борбор Азия тууралуу бир нече сөз айтып коюуга уруксаат бериңиздер.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө олуттуу жаратылыш ресурстары, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин чоң запастары, эң негизгиси, жогорку квалификациялуу жумушчу күчү бар экендигин жалпыбызга белгилүү.

Акыркы он жылдын ичинде регион ырааттуу түрдө экономикалык өсүштүн динамикалык темптерин көрсөтүп келет. 2020-жылы өлкөлөрдүн ИДПсынын жалпы үлүшү 290,0 миллиард АКШ долларына жакынды, ал эми тышкы соода жүгүртүүсү 145,0 миллиард АКШ доллардан ашуун сумманы түздү.

Аймактын өлкөлөрү өнөр жай, айыл чарба, ирригация, транспорттук-логистикалык система чөйрөлөрүндө ири инфраструктуралык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда.

Аймактын деңизге чыга албаган өлкөлөрүнүн өнүгүүсүн шарттоочу негизги компоненти - маанилүү транспорттук артерияларды модернизациялоо иши уланууда.

Пандемиядан улам эл аралык ишкердик жигердүүлүгү кескин төмөндөп кеткен 2020-жылды кошпогондо, аймактын өлкөлөрүнүн экономикалары акыркы жылдары 5-7% чегиндеги жогорку өсүш темптерин көрсөттү.

Ошого карабастан, Дүйнөлүк банктын болжолдоолоруна ылайык, Борбордук Азия өлкөлөрү 2021-жылы ИДПнын өсүшүнүн оң динамикасын калыбына келтирип, 2022-жылы өсүү темптерин жогорулата алат.

Акыркы он жылда байкалган Борбордук Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын туруктуу өсүшүн белгилей кетүү маанилүү.

Бүгүнкү күндө Европа Биримдиги биздин аймактын негизги соода өнөктөшү болуп саналат, ал анын жалпы тышкы соодасынын үчтөн бирине жакынын түзөт (Европа Комиссиясынын сайтында жарыяланган маалыматтар боюнча).

Мына ушулардын бардыгы өз ара пайдалуу кызматташтыгыбыздын, экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү келечегине оптимизм менен кароого мүмкүндүк берет.

Бул үчүн бардык зарыл шарттар жана өбөлгөлөр бар.

Биргелешкен күч-аракеттер, билим жана алдыңкы технологияларды алмашуу аркылуу бири-бирин толуктап, биздин региондор элибиздин жыргалчылыгы үчүн колдогу экономикалык потенциалды жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн мыкты үлгүлөрүн толук ишке ашыра алаарына ишенем.

Урматтуу кесиптештер,

Коронавирус дүйнөлүк экономикага катуу сокку урганы белгилүү.

Пандемиядан кийинки мезгилде, салыштырмалуу айтканда, пандемия дагы деле уланып жаткандыктан, дүйнөлүк өкмөттөр өсүштү стимулдаштырууга, келтирилген зыянды ордуна келтирүүгө, кайра курууга жана жумуш орундарын түзүүгө ниеттенүүдө.

Мында бир катар маанилүү суроолор ачык коюлууда.

Мисалы, экономика калыбына келгенден кийин кандай болот? Анда өнөр жай ишканалары үчүн жагымдуу болобу, же айлана-чөйрөгө басым жасалабы?

Ушуга байланыштуу жашыл калыбына келтирүү жана жашыл экономика, санариптештирүү жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу сыяктуу тенденциялар боюнча тематикалык сессияларды камтыган Форумдун күн тартиби замандын талаптарына жооп берет.

Кыргызстанда бул маанилүү багыттарды принципиалдуу түрдө биз кандай түшүнөбүз?

Негизги аспектилерин кыскача бөлүп көрсөтүүгө аракет кылам.

Климаттын глобалдык өзгөрүшүнө байланыштуу актуалдуу болуп калган жашыл калыбына келтирүү жөнүндө сөз кылып жатып, Кыргызстанда жашыл калыбына келтирүү үчүн да, бүтүндөй жашыл экономиканы куруу үчүн да жагымдуу факторлордун бар экендигин белгилегим келет.

Кыргызстандын эки жүз элүү эки чоң жана орто дарыяларынын гидроэнергетикалык потенциалы 18,5 миллион кВт саатка бааланып, 140 миллиард кВт сааттан ашык электр энергиясы, бүгүнкү күндө анын 10%га жакыны өздөштүрүлгөн. Бул көрсөткүч боюнча республика КМШ өлкөлөрүнүн арасында үчүнчү орунду ээлейт. Ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалын белгилегим келет, ал жылына 840,2 миллион тонна отун эквивалентине бааланат.

Биз 2019-2023-жылдарга Климаттык инвестициялык программаны жана Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашырып жатабыз. Бул бул багытта ишибизди чечкиндүү улантууга ниеттенүүдөбүз.

Бул жагынан алганда жашыл калыбына келтирүү максаттарына жетүү үчүн Европа мамлекеттеринин тажрыйбасы жана технологиялары биз үчүн абдан маанилүү.

Жалпысынан алганда, климаттын өзгөрүшү жана анын терс кесепеттери менен байланышкан көйгөйлөр биз үчүн алыскы келечек эмес.

Жыл сайын дүйнөнүн көп жерлеринде кургакчылык, суу ташкын, сел, жер көчкү, өрт сыяктуу ар кандай табигый кырсыктар көп катталат. Өзгөчө кырдаалдар биздин өлкөнү да айланып өтпөйт.

Мөңгүлөрдүн абалы тууралуу эске салгым келет. Учурдагы глобалдык жылуулук, мөңгүлөрдүн режиминде абанын температурасынын жогорулашы жана кандайдыр бир деңгээлде өнөр жайдын таасири акыркы 30 жылдын ичинде ири мөңгүлөрдүн аянтынын кыйла кыскарышына алып келди.

Урматтуу кесиптештер!

Дүйнөнүн келечегин санариптештирүүсүз элестетүү мүмкүн эмес.

Маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдү түзүүнү биз улуттук экономиканы калыбына келтирүүнүн, санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн, бизнестин жана интеллектуалдык активдүүлүктүн өсүшүнүн маанилүү фактору катары эсептейбиз.

Санариптештирүү аркылуу биз мамлекеттик органдардагы бюрократияны жана коррупцияны кыскартууга, өлкөнүн калкына көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүүгө, төлөм системаларын жана товарларды жеткирүү чөйрөсүн модернизациялоого жетишебиз деп үмүттөнөбүз.

Санариптештирүү өзүнүн артыкчылыктары менен чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жакшы өбөлгөлөрдү түзөөрүнө ишенем.

«Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация Концепциясы ишке ашырылууда, ишмердүүлүгү санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлдү.

Ишкердик чөйрөнү жакшыртуу маселесине келсек, биз бул суроого комплекстүү жана ырааттуу мамиле жасап жатканыбызды белгилегим келет.

Алсак, Президенттин “ Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгы иштөөдө, фискалдык жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугунун жаңы индикаторлору иштелип чыгууда, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы, жалпысынан фискалдык саясаттын жаңы концепциясы даярдалууда, Бизнес-омбудсмен институту өнүгүүдө.

Жогоруда айтылган чаралардын бардыгы, биздин оюбузча, бизнес-климатты жакшыртууга жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө жардам берет, буга биз чындыгында умтулуп жатабыз.

Бул үчүн бизде бардык деңгээлдеги күчтүү саясий эрк бар.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

«Европа биримдиги – Борбор Азия» форуму заманбап чакырыктар алдында күч-аракеттерди бириктирүү максатындагы экономикалык өз ара аракеттешүүчү такай иш алып баруучу платформа катары кызмат кыла алат.

Форумду жыл сайын ротациялык негизде Борбор Азия өлкөлөрүнүн борборлорунда жана Брюсселде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз.

Ушуга байланыштуу Борбордук Азиянын жана Европа биримдигинин ар кайсы өлкөлөрүндө жыл сайын экономикалык форумду даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле Форумдун чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү функцияларын аткара турган Экономикалык форумдун катчылыгын түзүүнү сунуш кылгым келет.

Өз кезегинде биз Катчылыкты Бишкекте жайгаштырууга даярбыз.

Урматтуу кесиптештер!

Сөзүмдүн жыйынтыгында бардык тараптарга бүгүнкү иш-чараны өткөрүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирем.

Форумдун бардык катышуучуларына ийгилик жана жемиштүү иштерди каалайм.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!».

Пикир

Оставить комментарий