• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Венада КР Ички иштер министрлиги менен ЕККУнун кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрында КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Австриянын Вена шаарында Европа коопсуздук келишим уюмунун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын 15-конференциясынын алкагында ЕККУнун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина менен эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Улан Ниязбеков ЕККУ Кыргызстандын Ички иштер министрлигин 20 жылдан бери колдоп келе жаткандыгын белгилеп, бирок өзгөчө олуттуу жетишкендиктер 2003-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде Полициялык программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө кесиптик даярдыктын жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жетишээрлик жогорку деңгээлине жеткендигин маалымдады.

Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков ЕККУнун Стратегиялык мерчемдөө бөлүмүн жолугушууну уюштуруп, КР ички иштер органдарына системалуу реформалоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде ЕККУнун стратегиялык мерчемдөө бөлүмүнүн жетекчиси Елена Купчина кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий