• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Абылгазиев мал чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн бир катар адамдарга сыйлык тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.07.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусунун Суусамыр жайлоосунда өткөн Кыргыз Республикасынын малчыларынын V республикалык чогулушуна катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Чогулуштун алкагында Өкмөт башчы энчилүү сааттар менен төмөндөгүлөрдү сыйлады:

- Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагындагы “Аракет-Агро” дыйкан чарбасынын башчысы Таир уулу Акматалы;

- Кыргыз Републикасынын ветеринардык статуардык органынын тренер-консультанты Абдрасулов Абдугани Халмурзаевич.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш төмөндөгүлөргө жарыяланды:

- Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагындагы “Байэл” дыйкан чарбасынын башчысы, жайыт комитетинин төрагасы Данкеев Бахтыбек Эсенбаевич;

- Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагындагы “Чабрец” дыйкан фермер чарбасынын башчысынын орун басары Болотова Гүлүмкан Асанбаевна.

Пикир

Оставить комментарий