Акылбек Жапаров ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Ишкердик мамилелерди чыңдоо жана өлкөбүздүн экономикасына инвестицияларды тартуу максатында, министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтонго (АКШ) болгон жумуш сапарынын алкагында, ири инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен эрте мененки бизнес-тамакка катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу өлкөбүздүн экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө кызыкдар болгон каржы рыногунун негизги оюнчуларын жана топ-менеджерлерин чогултту.

Эртең мененки тамак учурунда экономиканын түрдүү тармактарына инвестиция тартуунун келечеги, ошондой эле бизнес менен өкмөттүн кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы инвесторлорго өлкөбүзгө кызыкдар болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө даяр экендигин белгиледи. Ал ошондой эле жалпы өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бизнес менен өкмөттүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн кошумчалады.

Эрте мененки бизнес-тамак ачык диалог, пикир алмашуу жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөө үчүн эң сонун аянтча болуп калды.

Министрлер кабинетинин төрагасы мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенерин, инвесторлорду үстүбүздөгү жылдын июнь айында Вена шаарында Кыргыз Республикасы тарабынан уюштурула турган форумга катышууга чакырды, мындан тышкары Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучуларын иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий