• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Акылбек Жапаров Кытай Мамкеңешинин премьери Ли Цянды кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянга жогорку кызматка дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

“Сиздин жетекчилигиңиз менен Мамлекеттик кеңеш Кытайды социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө жана эл аралык аренада аброюн жогорулатууда чоң ийгиликтерге жетишет деп ишенем. Кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча жылдан жылга ырааттуу бекемделип жаткандыгын кубануу менен белгилейм. Кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелеринин бардык комплексин мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн Сиз менен биргеликте ишти улантууга даярдыгымды билдирем.Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизди Кыргыз Республикасына өзүңүзгө ыңгайлуу убакта расмий сапар менен келип кетүүгө чакырам”, — деп айтылат куттуктоодо.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, ошондой эле мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий