Акылбек Жапаров менен Ма Синжуй кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАРдын Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолукту.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, транспорт, көзөмөл өткөрүү жайлары, энергетика жана маданий-гуманитардык тармактары боюнча кенен сүйлөштү.

Маселен, Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуусуна токтоло турган болсок, кытай тараптын маалыматы боюнча, өткөн жылдын жыйынтыгында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 19 млрд 804 млн долларды түзгөн.

Кыргыз тарап Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоону кеңейтүү маселесине өзгөчө маани берээрин жана бул жерде СУАР Кытайдын базарына кирүүгө дарбаза катары негизги роль ойноорун айтып келет. Бул үчүн Кытайдын ички процедураларына ылайык, “Улугчат” өткөрүү пунктунун бажы аймагында айыл чарба продукциясын кабыл алуу жана сактоочу көзөмөл кампасынын болушу зарыл болуп келген, эми кампа курууга 13 гектар жер бөлүнгөнү белгилүү болду.

“Ошондой эле, электрондук коммерция жана логистикалык борборлорду куруу, дагы бир келечектүү багыт экенин сунуштайм. Соода-логистикалык комплексин курууга Кыргызстандын Ош жана Нарын облустарында жер каралган”, - деди Акылбек Жапаров.

Тараптар “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши эки өлкө ортосундагы өз ара сооданын мындан ары да өсүшүнүн негизги фактору болуп саналаарын белгилешти. Маселен, “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү жайындагы “кыргыз-кытай достук көпүрөсүнүн” курулушу аяктоо алдында турат. Ошондой эле чек ара жолдорун кеңейтүү, ленталык конвейер менен логистикалык базанын курулушунун артыкчылыктары белгиленди.

Тараптардын сүйлөшүүсүндө быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү жайын ачуу, ошондой эле “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун курулушун баштоо айтылды.

Кылым долбоору аталган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу тууралуу да сөз болду. Жакын арада үч тараптуу коммерциялык келишимге кол коюлаары күтүлүүдө.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кытай менен энергетика тармагында кызматташууну, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө үчүн келечектүү экенин билдирди.

Ал эми маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында, минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдагы этникалык кыргыздардан түзүлгөн театралдык тобун жана фольклордук ансамблин Кыргызстанда концерт уюштурууну сунуштады.

Өз кезегинде Ма Синжуй эки тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, “эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жетекчилиги астында натыйжалуу кыргыз-кытай стратегиялык көп пландуу кызматташтык жаңы мазмунга көтөрүлөт деген ишенимдемин. Кытай Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Кошумчалай кетсем, КЭРдин СУАР аймагы чоң аймактардын бири. Эки мамлекеттин ортосундагы көзөмөл өткөрүү жайлары да СУАР менен чектешкен, алардын толук кандуу иштешине кытай тарап кызыкдар. Өз ара соода жүргүзүүнүн өсүү тенденциясын сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшайбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий