• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мишустин Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин куттуктоо телеграммасын жөнөткөн, анда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана жалпы кыргыз элин Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктаган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Телеграмманын текстин келтиребиз:

«Урматтуу Акылбек Үсөнбекович,

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке озүмдүн атымдан Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктайм.

Россия-кыргыз мамилелери достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык ырааттуу өнүгүп, энергетикада, өнөр жайда, илимде жана маданиятта биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылууда. Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенүү чыңдалууда.

Өкмөттүн линиясы боюнча жигердүү биргелешкен иш практикалык кооперациянын мындан ары кеңейтилишине, өз ара пайдалуу жаңы демилгелерди илгерилетүүгө түрткү берет деп ишенем. Бул эки өлкө кызыкчылыгына толугу менен жооп берет».

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин ошондой эле Акылбек Жапаровго чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү кызматындагы жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын жалпы жарандарына бакубатуулукту каалады.

Пикир

Оставить комментарий