• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Акылбек Жапаров: Мындан ары өлкө "Акча бар" урааны менен жашасын

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Акчабар" финансылык-аналитикалык порталынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

МинКаб башчысы белгилегендей, он жылдын ичинде "Акчабар" идеядан күчтүү жана маанилүү куралга айланды.

"Бул портал өзүнүн кызыктуу аталышы менен мага өлкөдөгү "кедей өлкө" деген түшүнүктүн астында жашаган бир мезгилди эске салат. Анан урматтуу Садыр Нургожоевич өлкө бул кемсинтүүлөрдөн алыстайт деп убада берди. Эми "Акча бар" деп тайманбай айта турган мезгил келди. Мындан ары өлкө "Акча бар" деген ураандын астында жашай берсин", - деди минкаб башчысы.

Ал ошондой эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө токтолуп, ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түзүп, 2024-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 677 млрд сомдон ашканын, ал эми реалдуу өсүү темпи 8,7% түзгөнүн белгиледи.

"Кумтөрдү эсепке албаганда ИДП 10,6%га өскөндүгү өзгөчө маанилүү. Бул Кыргызстандын экономикасы чыңдалып, өзүн-өзү актап, реалдуу сергек натыйжаларды көрсөтүп жатканын айгинелейт", - деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн аягында Акылбек Жапаров Кыргызстандын финансылык туруктуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн сактоодо каржы порталынын өзгөчө ролун баса белгилеп, "Акчабар" командасына мындан аркы ийгиликтерди, инновацияларды жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий