Акылбек Жапаров Улуттук банктын эмгек жамааты менен жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банкка келип, жаңы дайындалган төрага Мелис Тургунбаев, Башкарманын мүчөлөрү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери менен жолугушту.

Ошондой эле иш-чарага финансы министри Алмаз Бакетаев дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банк алдында турган бир катар маанилүү максаттар жана милдеттер, атап айтканда баа туруктуулугун камсыздоо, накталай эмес төлөмдөр системасын өнүктүрүү, калктын кредиттерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, көмүскө экономика деңгээлин төмөндөтүү, санарип сомду колдонууга киргизүү жагында иштерди улантуу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Улуттук банктын өлкөдө инфляция деңгээлин кыскартуу, алтын валюта резервдер көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоо жагында ишинин жыйынтыгына алгылыктуу баа берди.

Иш-чаранын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Улуттук банктын жаңы төрагасына ишине ийгиликтерди, ошондой эле мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий