Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты.

Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы суу алуучу жайдын ачылыш аземине катышты.

«Президенттин жана министрлер кабинетинин атынан сиздерди Чолпон-Ата шаарынын суу менен камсыздоо тутумунун реабилитацияланышы жана ишке кириши менен куттуктайбыз. Бул тазалоочу жай 1986-жылы ишке берилген, 40 жылга жакын убакыттан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн жакшы билесиздер. Жаңыланган система калкты таза суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Чолпон-Ата биздин негизги туристтик борбор, андыктан инженердик жана инфраструктуралык системалар үзгүлтүксүз иштеши керек», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы андан аркы сөзүндө, Ысык-Көл облусунда 2023-жылы «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 70 объект 1 млрд сомго жакын суммага каржыланып (786,3 млн сом), 27 объект бүткөрүлгөн: 16 мектеп, 2 балдар бакчасы, маданият үйү, 2 оорукана, 6 суу түтүгү ишке киргенин белгиледи. Мындан тышкары Каракол шаарына 2 млрд сом бөлүнгөн. Ысык-Көлдүн айланасындагы жолдун курулушу уланууда. Былтыр Чолпон-Ата шаарында кооз парк ачылган.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча пландарга токтолду.

Тактап айтканда, шаар менен Кара-Ой, Бостери айылдарында канализация жана насостук станцияларды куруу, Чолпон-Ата шаарында жаңы заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу пландалууда.

Чолпон-Ата шаарында туризмди өнүктүрүү үчүн көл жээгинде 15 км узундуктагы жөө жүргүнчүлөр жана велосипед жолдору менен инфраструктура түзүлөт. «Чолпон кыз» сейил багы реконструкцияланып, заманбап талаптарга жооп берген ачык асман алдындагы петроглиф музейинин инфраструктурасы түзүлөт. А. Осмонов жана “Жеңиш” атындагы парктарды куруу да пландалууда.

Белгилей кетсек, суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо долбоорунун алкагында заманбап автоматташтырылган жабдуулар орнотулуп, суунун сапатын текшерүүчү лаборатория түзүлгөн, сууну тазалоо үчүн суюк реагент колдонулат, суу сактагычтар курулуп, реконструкцияланган, ошондой эле видеокамераларды колдонуу менен скважиналарды тазалоо үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынды.

Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Чолпон-Ата шаарындагы Совет көчөсүнүн абалы менен таанышып, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолун реконструкциялоо долбоорун адистер менен талкуулашты. Оңдоо иштери канализацияны реконструкциялоодон кийин башталат.

Андан ары ал Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы өнөр жайлык масштабда канаттуулардын азыктарын чыгарган «Агро-Куш» канаттуулар фабрикасында болду. Канаттуулардын этин союу жана кайра иштетүү боюнча заводдун кубаттуулугу саатына 6000 канаттууга чейин жетет.

2023-жылы ишканага, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн Мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кредиттик каражаттары берилген.

Пикир

Оставить комментарий