Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүүгө багытталган бир катар инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.

Алгач минкаб төрагасы Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү пландалып жаткан шаардык Жылуулук электр борборуна барды.

Андан ары Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун спорттук жашоосунун борборуна айланууга жана спортту өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө тийиш болгон шаардык стадионду толук реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Оңдоп-түзөө иштеринин жалпы суммасы 342 млн сомду түзөт, анда бардык зарыл шарттары бар эки машыктыруучу аянтча, жанаша жайгашкан аймакты жашылдандыруу сыяктуу бир катар иштер жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, анда аймакты, туризмди, айыл чарбаны жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий