• 87
  • 90.55
  • 0.84

2023-жылы республикалык маанидеги 4 унаа жолу “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржыланат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. 2023-жылы республикалык маанидеги 4 унаа жолу “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржыланат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, тизмеге Ала-Бука –Чаткал, Нарын – Ак-Талаа, Балыкчы – Барскоон унаа жолдору кирди. Ошондой эле президент туристтик сезон башталганча Балыкчы – Корумду унаа жолун оңдоону бүткөрүүнү тапшырды.

“Жолдун 1 чакырымынын минималдуу баасы 9 млн сомду түзөт. 300 жана 700 метр жол куруу практикасынан алыстадык. Эми айылдарды же көчөлөрдү бириктирүүчү жолдорду курабыз.”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий