• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргыз-армян парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, депутаттар Аалы Карашев, Абдывахап Нурбаев, Жанарбек Акаев Армения Улуттук Жыйынынын Кыргызстан менен кызматташуу боюнча достук тобунун башчысы, Аймактык жана Евразиялык интеграция маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Микаел Мелкумян баштаган парламенттик делегация менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Вице-спикер Аида Касымалиева кыргызстандыктар Армениядагы саясий жүрүмдөргө жана экономикалык өнүгүү жолуна дайым кызыгуу менен байкоо салып келатканын белгиледи. Ал меймандарга Жогорку Кеңештин, анын ичинде Айым-депутаттар форумунун калктын аялуу катмарын социалдык жактан коргоо тутумун өнүктүрүү аялдардын саясий жүрүмдөргө катышуусун жандандыруу боюнча жасап жаткан аракеттери менен жетишкен ийгиликтери тууралуу учкай маалымат берди.

Ал эми Армениянын парламенттик делегациясынын башчысы Микаел Мелкумян кыргыз парламентчилерине жылуу кабыл алышканы үчүн ыраазычылык билдирип, армян парламентчилери кыргыз-армян парламенттер аралык алакаларды арттырууга жана өз ара тажрыйба алмашып турууга кызыкдар экенин билдирди. Ал бул багытта эки тараптуу кызматташтык мамилелерди кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

«Ушу тапта Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 3,5 млн долларга жеткенин, бирок бул көрсөткүч соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн толук туюнта албайт. Менимче, биз бир пикирге келип, белгилүү бир товардык позициялар боюнча логистикалык каналдарды табышыбыз керек. Ошондо эки тараптуу соода-экономикалык алакалар кыйла арбыйт, көрсөткүчтөр мындан дагы жакшырат деген ойдомун», - деди Микаел Мелкумян.

Пикир

Оставить комментарий