Акыркы 3 жылда Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү оң жыйынтыктарды берди

Экономика 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Акыркы үч жылда Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү он жыйынтыктарды берди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта экономикалык өсүү орто эсеп менен 6,9% ды түздү:

  • 2021-жылы — 105,5 %
  • 2022-жылы — 109.0 %
  • 2023-жылы — 106.2 %.

Белгиленгендей, бул экономиканын туруктуулугунун, постковиддик жана геосаясий кырдаалга акырындык менен адаптациялоонун оң натыйжаларынын көрсөткүчү.

Ошентип, Кыргызстанда экономиканы стимулдаштыруу, ресурстарды натыйжалуу башкаруу жана фискалдык реформалар боюнча чараларды ийгиликтүү ишке ашыруунун натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтыктарды берди:

  • 2023-жылдын январь-апрелинин жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүү 107,4% түздү;
  • Мамлекеттик бюджеттин кирешеси орточо 41% га өстү;
  • 2023-жылдын бюджети профицит менен аткарылды;
  • мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 45,5% га чейин кыскарды.

Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр туруктуу макроэкономикалык кырдаалды камсыз кылат жана келечекте бардык аракеттер аны сактоого жана жогорку натыйжаларга жетишүүгө багытталат.

Пикир

Оставить комментарий