Акыркы коңгуроо! 4 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. 25-май күнү Кыргызстандын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу түрдө акыркы коңгуроо өтөт.

​Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу балдардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жалпы 4 миңден ашык кызматкер тартылат.

Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө ички иштер жана кайгуул-күзөт кызматкерлери тарабынан ар бир билим берүү мекемелеринде коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар көрүлөт.

Ошол эле учурда акыркы жылдардын практикасы көрсөткөндөй, акыркы коңгуроо аяктагандан кийин мектептерде ата-энелердин уруксаты менен көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз алдынча майрамдоону улантып, көбүнчө жашы жете электерге унаа берүүдөн улам көптөгөн кайгылуу кесепеттерге алып алып келген учурлар кездешет.

Белгиленгендей, көптөгөн балдар ата-энелеринин көзөмөлүнүн жоктугунан тыюу салынган жана белгиленбеген жерлерге сууга түшүшөт. Өткөн жылы жабдылбаган жерлерде, суу сактагычтарда өспүрүмдөр каза болгон учурлар катталган.

Ушуларды эске алуу менен ата-энелерден жана бүтүрүүчүлөрдөн мыйзам бузуулар же аларга өбөлгө түзгөн окуялар аныкталган учурда 102 номерина кайрылсаңыздар ыкчам түрдө жардам көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий